Бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Чыгыш автобекетинде жаңы унаа токтотуучу жай даярдалды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалымдалгандай, эми Аламүдүн базарынын тегерегинде баш аламан токтоп, жүргүнчү ташыган таксилер жана минивэндер (чыгыш, түндүк-чыгыш, түштүк-чыгыш багыттары) Чыгыш автобекетинин маңдайындагы атайын аянтчага көчүрүлөт.
Бул чечим чектеш көчөлөрдөгү жол тыгындарын азайтуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Мэрия шаар тургундарынан жана конокторунан бул өзгөрүүлөрдү эске алууну өтүнөт.



