7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

7-канал жасалма интеллект багытында Казакстандык медиа адистери менен кызматташат

12

7-каналдын башкы директору, Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев Астанада өткөн “Astana Media Week 2026” эл аралык форумуна катышты.

Ал “AI, IT & MEDIA: жоопкерчиликтин чеги” аттуу панелдик талкууда жасалма интеллекттин журналистикага тийгизген таасири жана медиа тармагындагы жаңы технологиялар тууралуу сөз кылды.

Талкууда Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Швейцариянын медиа өкүлдөрү жасалма интеллектти редакциялык иштерде колдонуу, маалыматтын ишенимдүүлүгүн сактоо жана технологиялык өнүгүү шартында журналисттердин жоопкерчилиги маселелерин талкуулашты.

Илязбек Балташев Борбор Азия өлкөлөрүнүн медиа тармагында тажрыйба алмашуусу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле казакстандык жасалма интеллект адистерин Бишкекке чакырып, кыргызстандык медиа кызматкерлери менен тажрыйба бөлүшүүнү сунуштады.

Кызматташуунун негизги багыттары — кыргыз жана казак тилдериндеги санариптик ресурстарды өнүктүрүү, жаңы технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу жана жасалма интеллект тармагында адистерди даярдоо.

Форумда жасалма интеллект медианын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен катар маалыматты текшерүү, автордук укуктарды сактоо жана аудиториянын ишенимин камсыз кылуу сыяктуу маселелерди да күн тартибине чыгарды.

7-канал жаңы технологияларды жоопкерчиликтүү колдонуу жана эл аралык тажрыйба алмашуу аркылуу медиа тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар.

13