Кыргыздын балбан кызы Сезим Жуманазаровага сүйүктүүсү Илгиз Дубайда үйлөнүү сунушун киргизди. Бул тууралуу спортчу кыз бүгүн, 15-октябрда, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Сезим сүйүктүүсүнүн сунушуна макул болуп, «Ооба, түбөлүк!» деген билдирүү менен кубанычын бөлүштү. Ал эми түгөйлөрдүн жакындары жана күйөрмандары аларды куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин жаадырышууда.
Сезим менен Илгизге бакыт, сүйүү жана узак өмүрлүк жолдоштук каалайбыз!



