7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө ичүүчү суу өчүрүлөт

3

Бүгүн, 15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейинтурак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Балтагулов көчөсү — Юдахин көчөсү — Алтымышев көчөсү — Бакаев көчөсү — Ч. Айтматов проспектисинин батыш тарабы.

Диаметири 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

4