7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дайыр Орунбеков: Айтматов проспектисиндеги клён бактары шаарга кылымдар бою көрк берет

15
Жумушка келе жатып, Айтматов проспектисине отургузулган клён бактары өсүп, айланага көрк берип калганын байкадым. Бул тууралуу Дайыр Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, буга чейин бул жерде 50 жылдан ашык убакыт мурда отургузулган бийик теректер өсүп турган. Убакыттын өтүшү менен алардын айрымдарынын учтары куурай баштаган. Мындан тышкары, жолду кеңейтүү зарылчылыгы жаралгандыктан, теректерди кыюуга туура келген.

Орунбеков теректердин кыйылышы коомчулукта нааразычылык жаратканын белгилеп, алардын ордуна көп жылдык кызыл клён бактары отургузулганын айтты.

Бүгүнкү күндө көчөттөр өсүп, көчөгө көрк берип калды.

«Интернеттен карасам, клён бактарынын айрым түрлөрү 150–200 жыл, айрымдары 300 жылга чейин жашайт экен. Демек, бүгүн биз тигип, өстүрүп жаткан бактар, буюрса, бизден кийин да далай муунга көлөкө болуп, шаарыбызга кылымдар бою көрк берип турат», — деп жазды Дайыр Орунбеков.

16