Бүгүн, 18-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Тогуз-Торо районунун түптөлүшүнүн 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, жергиликтүү тургундарды мааракеси менен куттуктады.
Төрага өз сөзүндө Тогуз-Торо району бай тарыхы, ажайып жаратылышы, эмгекчил жана ынтымактуу эли менен өзгөчөлөнгөн аймак экенин белгиледи. Ошондой эле бул өрөөндөн кыргыз элинин эркиндиги, жеринин бүтүндүгү үчүн күрөшкөн Атантай, Эр Тайлак сындуу баатырлар чыкканын айтып, алардын эрдиги жана мекенчилдиги кийинки муундар үчүн өрнөк экенине токтолду.
Муну менен катар Тогуз-Торо жергесинде жайгашкан Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркы аймактын тарыхый жана маданий байлыгы экенин айтып, мындай мурастарды сактоо жана туризм тармагын өнүктүрүү маанилүү экенин кошумчалады.
Муну менен катар эл оозунда айтылып келген уламыштарга кайрылып, атактуу Санчы сынчы бул өрөөндүн ажайып кооздугуна, табигый байлыгына жана берекелүү келбетине суктанып, аны “Алтын-Чөйчөк” деп атаганын эске салды.
“Төрт тарабынан асман тиреген тоолор курчап, койнунда кен байлыктарын каткан, суулары шаркырап аккан Тогуз-Торо чындыгында эле алтын чөйчөктөй болгон ажайып өрөөн. Бирок бул аймактын эң чоң байлыгы жер алдындагы алтыны эмес, жер үстүндөгү эли. Ата конушун аздектеп, ата-бабадан калган нарк-насилди ыйык туткан, эмгеги менен жергесинин берекесин арттырган адамдар Тогуз-Торонун чыныгы байлыгы”, – деди Марлен Маматалиев.
Ошондой эле Төрага 90 жылдык мааракенин тарыхый маанисине токтолуп, бул мезгил бир нече муундун тагдырын, далай инсандын маңдай терин, элдин башынан өткөн тарыхый окуяларды жана жаркын жетишкендиктерди камтыган бүтүндөй бир доор экенин белгиледи.
Андан тышкары, Марлен Маматалиев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформаларга токтолуп, Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында аймактарды өнүктүрүү, жолдорду оңдоо, социалдык объектилерди куруу, өндүрүштү кеңейтүү жана инвестиция тартуу багытында маанилүү иштер аткарылып жатканын айтты.
“Мамлекеттин күчү борбор шаардагы жетишкендиктер менен гана өлчөнбөйт. Өлкөнүн чыныгы өнүгүүсү анын эң алыскы айылындагы жарандын жашоо шартынан жана эртеңки күнгө болгон ишениминен көрүнөт. Ошондуктан Тогуз-Торо сыяктуу тоолуу райондордун инфраструктурасын жакшыртуу, калкты таза суу менен камсыз кылуу, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерин өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жалпы мамлекеттик маанидеги милдеттерден”, – деди ал.
Ошону менен бирге Жогорку Кеңеш да аймактардын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн мыйзамдык шарттарды өркүндөтүүгө, жергиликтүү көйгөйлөрдү мамлекеттик деңгээлде көтөрүүгө жана элдин үнүн бийликке жеткирүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
Андан тышкары, Төрага Тогуз-Торо районунун айыл чарба, тоо-кен өнөр жайы жана туризм тармактарында чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилеп, бул дараметти натыйжалуу пайдалануу аркылуу аймактын экономикасын чыңдоого жана жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө болорун билдирди.
“Бүгүн биз Тогуз-Торонун кечээги тарыхын сыймыктануу менен айтып жатабыз. Эми эртеңки муундар анын бүгүнкү өнүгүүсүн да ошондой сыймык менен эскериши керек. Ал үчүн ынтымагыбызды бекемдеп, жерибиздин байлыгын элдин бакубат жашоосуна багыттап, биргелешип эмгектенишибиз зарыл”, – деди Марлен Маматалиев.
Сөзүнүн соңунда Төрага Марлен Маматалиев Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон, ар кыл тармактарда үзүрлүү эмгектенген жергиликтүү жетекчилерге жана тургундарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сыйлыктарын тапшырды.



