«Манас» эл аралык аэропорту менен Германиянын TRIWO Hahn аэропорту өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүүдө. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтан билдиришти.
Маалматка карай, иш сапардын алкагында «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын коммерция боюнча директору Аман Мамаев баштаган делегация Германиядагы аэропорттун инфратүзүмү, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана жүк ташуу комплекси менен таанышты.
Бул кызматташтык Кыргызстандын Европа менен аба каттамдарын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн транзиттик-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.



