7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө сүттү кайра иштетүүчү завод курулат

22

Чүй облусунунда 7,7 млн долларды түзгөн сүттү кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.

Долбоорду ишке ашыруу маселеси агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров, «Нукура Про» ЖЧКсынын башкы директору Гүлзада Сарыбаева жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Меделбек уулу Анвардын жолугушуусунда талкууланды.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы суммасынын 5,4 млн доллары орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун насыялык келишиминин негизинде каржыланат. Каражат имарат курууга, монтаждоо иштерине жана жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Заводдо пастерленген жана ультрапастерленген сүт, каймак, ошондой эле сүт коктейлдери өндүрүлөт. Продукция ички рыноктон тышкары Казакстан менен Өзбекстанга экспорттолот. Ишкана ишке кирсе 50гө чейин жумуш орду түзүлөрү айтылды.

23