7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров 2030-жылга чейин ИДПнын жылдык өсүшүн кеминде 8% деңгээлинде сактоо максатын койду

21

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде өлкөнүн 2030-жылдын аягына чейинки социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги максаттарын белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, алдыдагы беш жылда өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, ички дүң продуктунун (ИДП) реалдуу өсүшүнүн орточо жылдык темпин кеминде 8% деңгээлинде сактоо жана чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымын жыл сайын 20%га көбөйтүү көздөлүүдө.

Президент өткөн беш жылдыкта мамлекеттик институттарды калыбына келтирүү жана экономикалык өнүгүүнүн пайдубалын түптөө багытында иштер жүргүзүлгөнүн белгиледи. Эми негизги милдет жетишилген экономикалык өсүштү калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багыттоо.

Мамлекет башчысы экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн экспортко багытталган сервистик-индустриалдык моделди иштеп чыгуу, инвестиция тартуу жана өндүрүштүн технологиялык деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын айтты.

Министрлер Кабинетине жана борбордук мамлекеттик органдарга белгиленген максаттарды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

22