7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан экспортко багытталган сервистик-индустриалдык өнүгүү моделине өтөт

23

Кыргызстанда алдыдагы беш жылда экономикалык өсүштүн негизин экспортко багытталган сервистик-индустриалдык модель түзөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Мамлекет башчысы өлкөнүн экономикалык саясаты экспорттолуучу кызмат көрсөтүүлөрдү көбөйтүүгө жана кошумча наркы жогору өнөр жай продукциясын өндүрүүгө багытталарын белгиледи.

Анын айтымында, чийки затты жөн гана экспорттоонун ордуна аны өлкө ичинде терең кайра иштетип, даяр продукция чыгарууга басым жасалат. Бул үчүн заманбап технологияларды киргизүү, өндүрүштүк ишканаларды түзүү жана ата мекендик ишканаларды региондук жана дүйнөлүк кошумча нарк чынжырларына интеграциялоо зарыл.

Өнүктүрүүгө тамак-аш, курулуш, фармацевтика, химия жана жеңил өнөр жайы, чакан машина куруу, минералдарды жана мунайды кайра иштетүү сыяктуу тармактар тартылат.

Президент айыл чарба өндүрүшү ички керектөөлөрдү камсыз кылуу менен гана чектелбестен, экспортко да багытталышы керектигин айтты. Атап айтканда, ата мекендик сүт азыктары коңшу мамлекеттердин рынокторуна чыгууга тийиш.

Министрлер Кабинетине экспортко багытталган сервистик-индустриалдык өнүгүү моделин иштеп чыгып, сунуштоо тапшырылды.

24