7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеке менчикти коргоо жана инвесторлордун укуктарын камсыз кылуу механизмдери күчөтүлөт

20

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жеке менчикти коргоо жана инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу механизмдерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу ал 21-октябрда Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн инвесторлор талаш-тартыш жаралган учурда өз укуктарын сотко чейин да, сот аркылуу да ишенимдүү коргой аларына ынанышы керек.

«Мамлекетке болгон ишеним — мыйзамдын күчүнө жана сот адилеттигине болгон ишенимден башталат», — деп белгиледи президент.

Ал инвестиция тартуу менен гана чектелбестен, долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашуусуна, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана өндүрүштүн өнүгүшүнө шарт түзүү зарылдыгын айтты.

Ошондой эле уруксат берүүчү документтерди алуу, инвестициялык келишимдерди түзүү жана инвесторлорду коштоп жүрүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү улантылат.

Министрлер Кабинетине сот бийлигинин органдары менен биргеликте жеке менчикти коргоонун жана ишкерлерди колдоонун бирдиктүү концепциясын иштеп чыгуу тапшырылды.

21