Кыргызстанда инвесторлор үчүн административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну коштоо иштери улантылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде билдирди.
Мамлекет башчысы өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар тараптар көп экенин белгилеп, ар бир сунушту кылдат талдап, мамлекет жана инвестор үчүн өз ара пайдалуу кызматташууга артыкчылык берүү керектигин айтты.
Анын айтымында, инвестициялык саясаттын максаты каражат тартуу менен эле чектелбейт. Негизги милдет инвестициялардын жаңы өндүрүштөргө, жумуш орундарына жана экономиканын узак мөөнөттүү өнүгүшүнө айланышын камсыз кылуу.
Президент инвесторлорду бюрократиялык тоскоолдуктар менен убара кылбастан, долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүү зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле инвестициялардын санына гана эмес, сапатына, технологияларды алып келүүгө, жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга басым жасаларын айтты.
Министрлер Кабинетине уруксат берүүчү документтерди алуу, инвестициялык келишимдерди түзүү жана инвесторлорду коштоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү тапшырылды.



