Кыргызстан жакынкы беш жылда заманбап санариптик мамлекетти курууга жана жасалма интеллект технологияларын кеңири колдонууга басым жасайт.
Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, жасалма интеллект өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги инструменттеринин бири болот. Аны мамлекеттик башкарууга, саламаттык сактоого, билим берүүгө, экономикага, айыл чарбасына, транспортко жана коомдук коопсуздукка киргизүү пландалууда.
Президент мамлекеттик башкаруу отчетторго гана эмес, реалдуу маалыматтарга таянып иштөөгө өтүшү керектигин белгиледи. Ошондой эле көйгөйлөр жаралгандан кийин чара көрүүнүн ордуна, аларды алдын ала болжолдоо жана алдын алуу механизмдерин өнүктүрүү зарылдыгын айтты.
Санариптештирүү менен катар киберкоопсуздукка, мамлекеттик маалыматтык ресурстарды жана жарандардын жеке маалыматтарын коргоого өзгөчө көңүл бурулат.
Мындан тышкары, өлкөдө программисттерди, инженерлерди, жасалма интеллект, маалыматтарды талдоо жана киберкоопсуздук боюнча адистерди даярдоо күчөтүлөт.
Мамлекет ата мекендик санариптик чечимдердин негизги заказчыларынын бири болуп, жергиликтүү IT-компанияларды жана улуттук технологиялык иштеп чыгууларды колдоого алат.



