7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө 2030-жылга чейин 30 «Маданий Ордо» борбору жана 30 музыкалык мектеп курулат

12

Кыргызстанда маданият тармагын өнүктүрүү максатында 2030-жылга чейин 30 көп функционалдуу «Маданий Ордо» борборун жана 30 заманбап музыкалык мектепти куруу пландалууда.

Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, жакынкы беш жылда маданият тармагын өнүктүрүүгө жаңы дем берилип, өлкөнүн бардык аймактары камтылат.

Ошондой эле жыл сайын кеминде 50 маданият мекемесин капиталдык оңдоодон өткөрүү жана заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу мерчемделүүдө.

«Келечек» программасынын алкагында мектеп окуучулары менен студенттердин театрларга, музейлерге жана китепканаларга үзгүлтүксүз баруусуна көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары, кыргыз тилиндеги контентти кеңейтүү, кыргыз жана дүйнөлүк адабияттын чыгармаларын басып чыгаруу, кино жана аудиовизуалдык продукцияларды которуу иштери өнүктүрүлөт.

«Санарип Мурас» платформасы аркылуу маданий мурастарды санариптештирүүгө да көңүл бурулат.

Президент маданият улуттук иденттүүлүктү жана муундар ортосундагы байланышты бекемдеген маанилүү багыт экенин белгиледи.

13