Кыргызстанда энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жана электр энергиясынын тартыштыгын жоюу үчүн генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүү жана энергетикалык инфратүзүмдү модернизациялоо иштери улантылат.
Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде билдирди.
Мамлекет башчысы энергетикалык тартыштыкты жоюу президенттик кызматка киришкен алгачкы күндөрдөн тартып негизги маселелердин бири болуп келгенин белгилеп, жакынкы мезгилде бул көйгөйдү чечүүгө жетишүү максаты бар экенин айтты.
Энергетика тармагындагы иштер эки негизги багытта жүргүзүлөт.
Биринчиси — электр тармактарын жана инфратүзүмдү жаңылоо, жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү. Бул багытта «Камбар-Ата-1» ГЭСи, «Кара-Кече» жылуулук электр борбору, ошондой эле чакан жана орто ГЭСтер боюнча долбоорлор ишке ашырылат.
Экинчиси — мунайзаттарын сырттан алып келүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өлкө ичинде өндүрүүнү жолго коюу.
Президент тышкы тобокелдиктерге көз карандылыкты азайтуу жана өлкөнү энергия менен отунга үзгүлтүксүз камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.



