Кыргызстанды региондук транспорттук-логистикалык хабга айландыруу максатында эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана темир жол инфраструктурасын кеңейтүү иштери улантылат.
Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, транспорт тармагынын эл аралык коридорлор жана башка мамлекеттердин рыноктору менен интеграцияланышы өлкөнүн экономикалык жана аймактык бүтүндүгүн бекемдейт.
Бул багытта «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу боюнча долбоорлорду толук ишке ашыруу каралган.
Ошондой эле Балыкчы шаарын «Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата» жана «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал» багыттарынын темир жол түйүнүнө айландыруу пландалууда.
Ал эми «Макмал» станциясы ички жана эл аралык каттамдарды байланыштырган негизги түйүн катары өнүктүрүлөт.
Президент транспорттук инфратүзүмдүн кеңейиши адамдардын жана жүктөрдүн кыймылын жеңилдетип, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи.



