7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги мүчөлүгүн улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө пайдаланат

5

Кыргызстан 2027–2028-жылдары Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги убактылуу мүчөлүгү мезгилинде өлкөнүн эл аралык аброюн бекемдөөгө жана региондун кызыкчылыктарын илгерилетүүгө басым жасайт.

Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстанды эл аралык мамилелердин жоопкерчиликтүү жана конструктивдүү катышуучусу катары көрсөтүү, өлкөнүн эл аралык аренадагы мүмкүнчүлүктөрүн жана өз алдынчалуулугун жогорулатуу негизги милдеттердин бири экенин белгиледи.

Бул багытта Борбор Азиянын кызыкчылыктарын илгерилетүү, превентивдүү дипломатияны өнүктүрүү, чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү, суу жана климаттык коопсуздук маселелерине көңүл буруу пландалууда.

Ошондой эле тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо эл аралык күн тартибиндеги маанилүү багыттардын бири болот.

Президент эл аралык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана улуттук артыкчылыктарын илгерилетүүгө пайдалануу зарылдыгын белгиледи.

6