Айгүл Жапарова Самарканд шаарында балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салууга арналган дүйнөлүк саммитте сөз сүйлөдү.
Ал соңку жылдары өлкөдө онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарды дарылоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын баса белгиледи.
Ошондой эле 2024-жылы биринчи жолу жилик чучугун трансплантациялоо операциясынын жүргүзүлгөнүн да кошумчалады.
Иш-чарага Өзбекстан, Албания, Зимбабве, Ливан, Пакистан жана Түркиянын биринчи айымдары да келди.
Дүйнөлүк саммитте балдардын бакубаттуулугу, ден соолугу, билим алуусу жана социалдык колдоосу боюнча маанилүү маселелер талкууланды.



