7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева акыркы сапарга узатылды

15

Бишкекте опера ырчысы, СССРдин эл артисти, профессор Кайыргүл Сартбаева менен коштошуу зыйнаты өттү. Маркум өзү көп жылдар бою эмгектенген А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынан акыркы сапарга узатылды.

Зыйнатка мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, кесиптештери, шакирттери жана жакындары катышты.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Кайыргүл Сартбаеванын дүйнөдөн кайтышы кыргыз маданияты, анын ичинде опера искусствосу үчүн чоң жоготуу болгонун белгиледи.

Анын айтымында, залкар ырчы кыргыз маданиятынын алтын доорун жараткан инсандардын бири болуп, өмүрүн жана талантын элинин руханий дүйнөсүн байытууга арнаган.

Ошондой эле ал ырчынын чыгармачылык мурасы жана жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталарын белгилеп, маркумдун жакындарына жана жалпы кыргыз элине көңүл айтты.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын улуттук маданиятынын жана опера искусствосунун залкары Кайыргүл Сартбаева 20-октябрда дүйнөдөн кайткан.

16