7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ жарандарды эки факторлуу аутентификацияны күйгүзүүгө чакырат

16

Ички иштер министрлиги жарандарды жеке маалыматтарын жана аккаунттарын алдамчылардан коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны күйгүзүүгө чакырат. Бул тууралуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы билдирди.

Эки факторлуу аутентификация — аккаунтка кирүүдө сыр сөздөн тышкары, атайын тиркеме же бир жолку код аркылуу инсандыгын кошумча ырастоону талап кылган коопсуздук чарасы.

Аны күйгүзүү үчүн аккаунттун коопсуздук жөндөөлөрүнө кирип, «Эки факторлуу аутентификация» же «Эки этаптуу текшерүү» бөлүмүн тандоо керек. Андан соң ырастоо ыкмасын белгилеп, көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.

ИИМдин маалыматына ылайык, бул функция сыр сөз башка адамдардын колуна түшүп калган учурда да аккаунттун бузулуу коркунучун азайтат.

Мындан тышкары, министрлик ар бир аккаунт үчүн өзүнчө татаал сыр сөз колдонууну, ырастоо коддорун эч кимге бербөөнү жана аккаунтка кирген түзмөктөрдү үзгүлтүксүз текшерип турууну сунуштайт.

17