7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жээнбек Кулубаев Батумиге иш сапар менен барды

14

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Борбор Азия – Грузия» форматындагы тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын биринчи жолугушуусуна катышуу үчүн Грузиянын Батуми шаарына иш сапар менен барды.

Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, сапардын алкагында Жээнбек Кулубаев Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин атынан уюштурулган тосуп алуу кечки тамагына катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Грузиянын өкмөт башчысы Борбор Азия өлкөлөрүнө Грузия тараптын Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Грузиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусун өткөрүү демилгесин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал жолугушуулардын бул форматы өлкөлөр ортосундагы саясий өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, ошондой эле соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн өзгөчө белгиледи.

Өз кезегинде Жээнбек Кулубаев Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзеге президент Садыр Жапаровдун жылуу саламын жеткирди. Ошондой эле Кыргызстан, Борбордук Азия өлкөлөрү жана Грузия ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, элдердин тарыхы менен маданиятынын жалпылыгы өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү үчүн бекем негиз болуп саналарын айтты.

Иш-чаранын катышуучулары эки тараптуу форматта да, көп тараптуу аянтчаларда да өлкөлөр ортосундагы жигердүү өз ара аракеттенүүнү мындан ары улантуунун маанилүүлүгү тууралуу бирдиктүү пикир билдиришти.

15