7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сары-Челекке» баруучу жол оңдолууда: 10 чакырымына асфальт төшөлдү

17

Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек унаа жолун оңдоо жана асфальттоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 30 чакырымдан ашкан жолдун 10 чакырымына асфальт төшөлгөн. Ал эми 15 чакырымдык бөлүгүндөгү жолду тегиздөө жана кеңейтүү иштери 99 пайызга аяктады. Суу өткөрүүчү түтүктөрдү жана бетон курулмаларды орнотуу иштери бүткөрүлдү.

Жолду жаңылоо «Сары-Челек» коругуна жана башка туристтик жайларга жетүүнү жеңилдетүүгө, жергиликтүү тургундар менен туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

18