7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Тогуз-Торо районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди

10

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди.

Тургундар социалдык колдоо, медициналык жардам, турак жай менен камсыз кылуу, жер жана мүлк талаштары, алимент өндүрүү, ошондой эле жол инфраструктурасынын абалы жана туристтик объектилерди өнүктүрүү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле кылмыш иштерине жана укук коргоо органдарынын аракеттерине байланыштуу кайрылуулар да айтылды.

Мамлекет башчысы жарандардын кайрылууларын тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго иштеп чыгууну, ошондой эле кылмыш иштерин жана мүлк талаштарын объективдүү кароону камсыз кылууну тапшырды. Айрым маселелер боюнча зарыл текшерүүлөрдү жүргүзүп, мыйзамдардын алкагында чечимдерди кабыл алууну талап кылды.

11