Бүгүн, 28-октябрда Бишкекте коомдук ишмер Роза Айтматова менен коштошуу зыйнаты өттү. Маркум акыркы сапарга А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынан узатылды.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, замандаштары жана жакындары катышты.
Анда мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Роза Айтматованын дүйнөдөн кайтышы кыргыз эли үчүн чоң жоготуу болгонун белгиледи.
“Роза Айтматова ириде көрүнүктүү коомдук ишмер катары, кыргыз элине эне катары Каныкейдей, Курманжандай өрнөк көрсөтүүнүн жолун, салтын көрсөтүп кеткендиги менен уулу болду. Бул кишинин кайгысы, кубанычы кыргыз элинин кайгысы, кыргыз элинин кубанычы. Аны Роза Айтматова жазып кеткен китептерден жакшы түшүнөбүз жана билебиз. Роза Айтматова кыргызга кызмат кылуунун, абийирдүүлүктүн, инсандык кайраттын жана кечиримдүүлүктүн үлгүсүн көрсөттү”,- деп белгиледи мамлекеттик катчы.
Койчиев Роза Айтматованын жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталарын белгилеп, маркумдун жакындарына жана жалпы кыргыз элине көңүл айтты.
Роза Айтматова 89 жаш курагында 26-октярбда дүйнө салды.



