7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети-Өгүз» санаторийин реконструкциялоо 2027-жылдын май айында аяктайт

22

Президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 27-октябрда «Жети-Өгүз» санаторийине барып, масштабдуу реконструкциялоо жана курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен санаторий Кесиптик бирликтер федерациясынын карамагынан президенттин иш башкармалыгынын башкаруусуна өткөрүлгөн. Учурда бул жерде инфратүзүмдү жаңылоо жана модернизациялоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.

Алсак, жалпы аянты 6 миң чарчы метрди түзгөн жаңы төрт кабаттуу башкы корпустун, аянты 2 миң чарчы метр болгон эки кабаттуу дарылоо корпусунун, ошондой эле жабык термалдык бассейндердин курулушу уланууда. Учурда бул объекттерде ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, аянты 2,3 миң чарчы метрди түзгөн жатакана корпусун реконструкциялоо толугу менен аяктады.

Ошондой эле саркынды сууларды тазалоочу курулма жаңыланып, көлөмү 350 куб метрди түзгөн таза суу резервуары курулду. Жалпы аянты 7 миң чарчы метр болгон ички жолдорго жана унаа токтотуучу жайларга асфальт төшөлдү.

Эс алуучулар үчүн 400 орундуу ачык амфитеатр, боз үй түрүндөгү конференция залы, спорттук жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле аймакта беш капсулалык үй, он мобилдик үй жана мончосу бар эки модулдук үй орнотулду. Дагы беш барнхаустун курулушу уланууда. Муну менен катар аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуштун жүрүшү менен таанышуу учурунда Каныбек Туманбаев аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, реконструкцияны белгиленген мөөнөттө аяктоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Санаторийдеги бардык курулуш жана реконструкциялоо иштерин 2027-жылдын май айында толугу менен аяктоо пландалууда. Жаңыртылган санаторий дарылануу, ден соолукту чыңдоо жана толук кандуу эс алуу үчүн бардык шарттарды камсыздаган заманбап курорттук комплекс болуп калат.

23