Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жылытуу мезгилине карата «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын жаңы отканаларын ишке киргизди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-кичи райондогу отканага жалпы кубаттуулугу 25 МВт болгон үч газ казаны орнотулду. Ушундай эле жабдуулар Энергетиктер шаарчасында да бар. Бул эки объект 7 миң 300дөн ашык абонентти жылуулук менен камсыз кылат.
Ал эми Жал конушундагы «Ротор» отканасына жалпы кубаттуулугу 20 МВт болгон эки жаңы газ казаны орнотулду. Мурдагы жабдуулар дээрлик 40 жылдан бери колдонулуп келген.
«Мындан тышкары, ишкананын 16 объектисиндеги жылуулук насосторун аралыктан көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген бирдиктүү диспетчердик системасы ишке кирди. Бул технология көмүр менен электр энергиясынын сарпталышын жана зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга багытталган»,-деп айтылат маалыматта.



