7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент V Элдик Курултай жөнүндө жарлыкка өзгөртүү киргизди

20

Президент Садыр Жапаров V Элдик Курултайды уюштуруу комитетинин курамын өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койду.

Комитеттен чыккандар:

  • Мамбеткерим Чекиров;
  • Аяз Баетов;
  • Канат Сагынбаев.

Комитетке жаңы киргендер:

  • Айылчиев Алмаз Асимович – Юстиция министри;
  • Имангазиев Алмаз Кулубекович – Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
  • Арабаев Чолпонкул Исаевич – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык институтунун юриспруденция кафедрасынын башчысы, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор;
  • Кайыпов Сулайман Турдуевич – Улуттук илимдер академиясынын академик А.А. Алтмышбаев атындагы Философия институтунун cоциалдык философия бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор.

Жарлыкка ылайык, уюштуруу комитетинен үч катышуучу чыгарылып, төрт жаңы мүчө киргизилди.

Кезектеги V Элдик Курултай Бишкекте 18-декабрда өтөт.

21