Тоолуу жолдорго кар жаап, кум-шагыл себилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 29-октябрь күнү таңга жуук Бишкек-Ош жолунун 125-139-чакырым аралыгында кар жааган. Автоунаа кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо максатында жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолго кум-туз аралашмасын себишти.
Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап жатканы эскертилди. Бул жакта да жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолго кум-шагыл сээп жатышат. Ашууларда жол ачык.



