7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитинде сөз сүйлөдү

5

Президент Садыр Жапаров 30-октябрда Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитине катышып, боордош өлкөлөрдүн кызматташтыгын кеңейтүү боюнча бир катар демилгелерди көтөрдү.

Мамлекет башчысы азыркы геосаясий жана экономикалык өзгөрүүлөр шартында Уюмдун ролу өсүп жатканын белгилеп, Кыргызстан инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экенин айтты. Ал «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагын чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн маанилүү аянтча катары белгилеп, боордош өлкөлөрдүн ишкерлерин анын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга чакырды.

Ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды кеңейтүү, чек ара жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана жүк ташууну тездетүү зарылдыгына токтолду. Анын ичинде «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун жана аны Каспий деңизи аркылуу Орто коридорго туташтыруунун стратегиялык маанисин белгиледи.

Президент климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Кыргызстан Ысык-Көлдү сактоо боюнча максаттуу фонд түзүү демилгесин көтөрдү. Мындан тышкары, өлкө 2027-жылы Түрк мамлекеттер уюмунун экология министрлеринин жолугушуусун өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Санариптештирүү жана жасалма интеллект багытында тажрыйба алмашууну, биргелешкен стартаптарды колдоону жана түрк тилдеринде жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүүнү сунуштады.

Ошондой эле билим берүү тармагында Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен «Маариф» фондунун тажрыйбасын башка боордош өлкөлөр менен бөлүшүүнүн маанисин белгиледи.

Туризм жаатында «Ала-Тоо Резорт» долбооруна токтолуп, ал жылына 2 миллионго чейин туристти кабыл алууга жана 5 миңге жакын жумуш ордун түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтты. Долбоордун биринчи объектисин ачуу 1-декабрга пландалган. Президент боордош өлкөлөрдүн ишкерлерин туристтик инфраструктурага инвестиция салууга чакырды.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров боордош мамлекеттердин жетекчилерин 2027-жылдын октябрь айында Бишкекте өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды. Ошондой эле 2027-жылы Кыргызстанда Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитин өткөрүүнү сунуштады

 

6