Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов эки өлкөнүн ортосундагы аймактар аралык кызматташтык боюнча экинчи форумунун ачылышына катышты.
Касымалиев кыргыз-казак мамлекет башчыларынын саясий эрки жана бекем колдоосунун аркасында эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык ырааттуу түрдө чыңдалып жатканын белгиледи.
“Мамлекет башчыларыбыз тарабынан так максат коюлган, 2030-жылга чейин эки тараптуу сооданын көлөмүн 3 миллиард долларга жеткирүү. Бул эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүү механизми аталган форумга өзгөчө маани беребиз. Бүгүн Кыргызстандын Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустары Казакстандын Алматы, Жети-Суу, Чыгыш Казакстан, Түркстан, Караганда жана Кызыл-Ордо облустары менен макулдашууларга кол коюшууда. Биз өз ара соодаланган товарлардын түрлөрүн кеңейтүүгө, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана түздөн-түз өз ара аракеттенүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштайбыз”, — деди ал.
Адылбек Касымалиев аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон бир катар долбоорлорду белгиледи. Алардын катарына “Ак-Тилек – Кара-Суу” көзөмөл өткөрүү пункттарынын аймагындагы индустриалдык соода-логистикалык комплекс, ошондой эле Алматыга жакын жайгашкан продуктуларды дүңүнөн-бөлүштүрүү борбору кирет.
“Бүгүн биздин алдыбызда маанилүү милдет турат, мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлин аймактык деңгээлдеги натыйжалуу жыйынтыктарга айландыруу, биргелешкен инвестициялык демилгелердин ишке ашырылышын камсыз кылуу, өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, өз ара сооданы кеңейтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү. Андыктан, мен аймактардын өздөрү кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүнүн негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бирине айланышы керек деп эсептейм. Бул форумдун алкагында жетишилген макулдашуулар практикалык кадамдар менен коштолуп, туруктуу өнөктөштүккө жана узак мөөнөттүү келишимдерге айланат деп ишенем”, — деп жыйынтыктады ал.
Олжас Бектенов өз кезегинде эки өлкө ортосундагы форумдун маанилүүлүгүн белгилеп, эки тараптуу байланыштарды бекемдөө жана практикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн натыйжалуу аянтча катары мүнөздөдү. Ал соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгилеп, казак тараптын биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.



