7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Стамбулда Түрк медициналык дүйнөсүнүн 12-конгресси өтүүдө

5

Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов 29–31-октябрында Стамбулда өтүп жаткан Түрк медициналык дүйнөсүнүн 12-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Министр өз сөзүндө медициналык илим жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Түркиянын өкмөтүнө, Саламаттык сактоо министрлигине жана институттарына ыраазычылык билдирди.

Дамир Осмонов заманбап технологиялар, кесиптик тажрыйба менен алмашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан медициналык билим берүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, санариптик саламаттык сактоо, телемедицина, ошондой эле диагностиканын жана дарылоонун заманбап ыкмалары жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

6