Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 1-ноябрда — кыргыз милициясынын 102 жылдыгында — Бишкек ШИИБ Кайгуул-күзөт кызматынын жаңы имаратын ачты. Ошондой эле “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында онлайн форматта аймактардагы ИИМдин 42 жаңы объектиси пайдаланууга берилди.
Сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы инфраструктураны өнүктүрүү жана санариптик технологияларды киргизүү коомдук коопсуздукту чыңдоого багытталганын белгиледи.
Бишкек ШИИБ Кайгуул-күзөт кызматынын жаңы үч кабаттуу имаратында “Санариптик кайгуул” борбору, нөөмөт бөлүмү, ашкана, казарма жана кызматтык бөлмөлөр жайгашкан. Президент имаратты, автоунаа паркын жана спорт аянтчасын көрүп чыгып, Ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырды.
Иш-чаранын алкагында ички иштер органдарына 102 жаңы кайгуулдук унаа жана атайын техника тапшырылды.




