7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин пенсия курагындагы мугалимдердин эмгек ишмердүүлүгү боюнча расмий түшүндүрмөсү

3

Пенсия курагындагы педагогдордун эмгек ишмердүүлүгүнө байланыштуу социалдык тармактарда тарап жаткан билдирүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги төмөнкүдөй түшүндүрмө берүүнү зарыл деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги педагогикалык кызматкерлерди жаш курагына карап басмырлоо саясатын жүргүзбөйт жана жүргүзүүнү пландабайт.

Билим берүү тармагындагы бардык чечимдер Кыргыз Республикасынын Конституциясын, эмгек мыйзамдарын, ошондой эле Эл аралык эмгек уюмунун принциптерин, эл аралык ченемдерди жана милдеттенмелерди сактоо менен кабыл алынат.

Министрлик көп жылдар бою билим берүү системасын өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого жана квалификациялуу кадрларды даярдоого баа жеткис салым кошуп келе жаткан улуу муундагы педагогдорго терең урмат-сый менен мамиле кылат.

Учурда өлкөнүн билим берүү уюмдарында пенсия курагындагы 15 миңге жакын педагог эмгек ишмердүүлүгүн улантууда. Алардын кесиптик тажрыйбасы, билими жана өз кесибине берилгендиги улуттук билим берүү системасынын эң маанилүү ресурсу болуп саналат.

Ошол эле учурда билим берүү системасында комплекстүү жана салмактуу мамилени талап кылган айрым кадрдык маселелер бар экендигин белгилей кетүү зарыл. Бул өзгөчө айрым аймактарга жана билим берүү уюмдарына тиешелүү.

Педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылгандан кийин билим берүү уюмдарына жумушка орношууга кызыкдар адамдардын, анын ичинде жаш адистердин саны өсүүдө. Ушуга байланыштуу министрлик жаш адистерди тартуу менен тажрыйбалуу педагогдордун кесиптик дараметин сактоонун ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылууга багытталган кадр саясатынын ар кандай ийкемдүү механизмдерин кароодо.

Мында пенсия курагындагы мугалимдерди массалык түрдө жумуштан бошотуу маселеси каралып жаткан жок.

Тескерисинче, алардын кесиптик тажрыйбасын кыйла натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү изилденүүдө. Анын ичинде насаатчылык кылуу, жаш мугалимдерге усулдук жактан колдоо көрсөтүү, педагог-ассистент жана консультант катары иштөө, ошондой эле башка билим берүү программаларына катышуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Эмгекти уюштуруунун мүмкүн болгон механизмдери, анын ичинде педагогикалык жүктөмдүн ийкемдүү формалары жана кесиптик ишмердүүлүккө катышуунун жаңы түрлөрү талкуулоо баскычында турат. Алар колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын, педагогдордун кызыкчылыктарын жана билим берүү уюмдарынын муктаждыктарын эске алуу менен кошумча изилдөөнү талап кылат.

Министрлик педагогикалык коомчулук, кесиптик бирликтер, эксперттер жана жалпы коомчулук менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгө ачык. Бардык сунуштар социалдык адилеттүүлүк, тең мүмкүнчүлүктөр жана педагогикалык эмгекти урматтоо принциптерин эске алуу менен каралат.

Министрликтин негизги милдети — жаш жана тажрыйбалуу мугалимдерди бири-бирине карама-каршы коюу эмес, алардын натыйжалуу кызматташуусуна, муундар ортосундагы кесиптик уланмалуулукка жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзүү.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги коомчулукту жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн талкууланып жаткан демилгелер боюнча шашылыш тыянак чыгаруудан жана такталбаган маалыматтарды таратуудан карманууга чакырат.

Эч бир педагог жаш курагына байланыштуу басмырлоого дуушар болбошу керек. Улуу муундун тажрыйбасы жана жаш адистердин күч-кубаты Кыргызстандын ар бир баласына сапаттуу билим берүү деген бирдиктүү максатка кызмат кылууга тийиш.

4