2026-жылдын 24–30-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында таэквон-до ГТФ боюнча Азия чемпионаты жана биринчилиги өтөт. Эл аралык мелдештер “Жаштык Арена” спорт комплексинде уюштурулат.
Мелдештин уюштуруучулары — Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча дирекция жана Кыргыз Республикасынын Таэквон-до ГТФ федерациясы. Мелдешке Азиянын 25–30 өлкөсүнөн 1500гө жакын спортчунун катышуусу күтүлүүдө.
Мелдештер бир эле учурда алты доянгда (мелдеш өтүүчү аянтчаларда) өткөрүлөт.
Турнирдин өзгөчөлүктөрүнүн бири — ата мекендик компания тарабынан иштелип чыккан заманбап электрондук мелдеш өткөрүү системасынын колдонулушу. Бул Кыргызстанда спорттук технологияларды өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Ошондой эле ата мекендик адистер эл аралык талаптарга жооп берген заманбап технологиялык чечимдерди иштеп чыгууга жөндөмдүү экенин көрсөткөн өзгөчө сыймыктуу жетишкендик.
Чемпионаттын алкагында 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар катыша турган түстүү курлар фестивалы да өткөрүлөт.
Кыргызстан үчүн бул 2026-жылы жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча өтө турган ири эл аралык спорттук иш-чаралардын бири. Ата мекендик спортчулар өз жеринде өтүүчү мелдешке катышып, күйөрмандардын колдоосу алдында өз чеберчилигин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Көрүүчүлөр үчүн кирүү акысыз. Уюштуруучулар Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун “Жаштык Аренага” келип, Кыргызстандын улуттук курама командасына колдоо көрсөтүүгө чакырат!



