2026-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарындагы “Ырыс Ордо” конгресс-холлунда Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин уюштуруусу менен “Жаратман МУУН” келечектеги кесиптер форум-көргөзмөсү өтөт. Иш-чаранын негизги максаты — жаштарды келечектүү кесиптер менен тааныштырып, кесиптик багытын аныктоого көмөк көрсөтүү, ошондой эле билим алуу, жумушка орношуу жана карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүү.
Форумдун алкагында жасалма интеллект, робототехника, энергетика, медицина, каржы жана туризм сыяктуу тармактарды камтыган тематикалык аймактар уюштурулат. Катышуучуларга жаштардын стартаптары, практикалык мастер-класстар, иш берүүчүлөр менен түз баарлашуу аянтчалары, ошондой эле билим берүү сессиялары жана “Жаратман МУУН” жаштар долбоорлорунун сынагы сунушталат.
Форумга даярдык көрүү алкагында бир катар иш-чаралар өттү. Алсак, 17-октябрда республика боюнча айлана-чөйрөнү коргоого багытталган экологиялык акция уюштурулса, 24-октябрда Бишкек, Ош, Баткен, Талас, Нарын шаарларында жана Ысык-Көлдө студенттер арасында күзгү жеңил атлетикалык чуркоо болуп өттү. Алдыда студенттер арасында өлкөнүн өнүгүүсүндөгү жаштардын ролуна арналган “Жаратман МУУН” темасындагы эссе сынагы өткөрүлөт.
Долбоордун аталышы “жаратман” (жаратуучу) жана “муун” деген сөздөрдөн куралып, өз билими жана эмгеги менен Кыргызстандын келечегин түптөй турган муунду колдоо идеясын чагылдырат. Форум студенттерди, жаш адистерди, билим берүү уюмдарын жана иш берүүчүлөрдү бириктирип, эмгек рыногунда суроо-талапка ээ адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.



