Президент Садыр Жапаров Аламүдүн районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана инвестициялык долбоорлор менен таанышты.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын тогуз айында райондо өнөр жай өндүрүшү 16 млрд 250млн сомду түзүп, негизги капиталга инвестициялар 63,8%га өскөн. Райондо ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып, 2024–2026-жылдары 41 социалдык объект курулуп, оңдоодон өткөрүлгөн.
Ошондой эле жолдорду асфальттоо, маданият үйлөрүн, тазалоочу курулмаларды, канализациялык тармактарды жана спорт залдарын куруу сыяктуу муктаждыктар айтылды. Бул иштерге болжол менен 2 млрд сом талап кылынат.



