Бүгүн, 6-ноябрда түнкүсүн жана күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы маалымдайт.
Борбор калаада түнкүсүн абанын табы +5…+7, күндүз +21…+23 градус болот.
Аймактарда:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23; Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23; Баткен облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23; Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16; Нарын облусунда түнкүсүн -3…-7, күндүз +9…+14 градус болот.



