МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарындагы «Ош Сити», жол оңдоо, таштандыны кайра иштетүүчү завод, Ак-Буура дарыясын тазалоо жана «Коңур-Жаз» агроөнөр жай комплексинин курулушу менен таанышты.
Сапардын жүрүшүндө долбоорлордун ишке ашырылышы, курулуш иштеринин жүрүшү жана мөөнөттөрү каралды. Касымалиев бардык объекттерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.



