Бүгүн, 6-ноябрда Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сокулук районунун эли менен жолугушту.
Жолугушууда тургундар турак жай, жер жана мүлк талаштары, билим берүү, спорт объектилерин куруу, социалдык инфраструктура жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди көтөрүштү.
Мамлекет башчысы айтылган кайрылууларды ар тараптуу кароону тапшырып, тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго тапшырмаларды берди.



