Ала-Арча капчыгайында 7-ноябрда дайынсыз жоголгон 2011-жылы туулган өспүрүмдү издөө иштерине тик учак, тажрыйбалуу альпинисттер жана дрон колдонгон ыктыярчылар тартылат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилигинде өткөн онлайн жыйында издөө иштерин күчөтүү тапшырмасы берилген.
Өспүрүмдүн акыркы жайгашкан жери “Электро” чокусунун аймагында катталган. Буга чейин ӨКМдин “Эдельвейс” тобу издөө жүргүзгөнү менен, ал азырынча табыла элек.



