Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев жана Данияр Толонов Ош шаарындагы ири инфраструктуралык долбоорлорду көрүп чыгышты.
Алар “Достук” айлампасындагы транспорттук түйүн, алты тилкелүү Б. Осмонов көчөсү жана А. Сүйүмбаев атындагы стадион менен таанышты.
Ошондой эле мэр Жанарбек Акаев “Ош Арена” спорттук-маданий комплексинин курулушу башталарын маалымдады.



