“Манас” эл аралык аэропортунда жалпы наркы 130 миллионду түзгөн, 650 унаага ылайыкталган беш кабаттуу унаа токтотуучу жай курулду.
Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, имаратта лифттер жана санитардык жайлар каралган. Унаа токтотуучу жай акы төлөнүүчү негизде иштеп, учурда кызмат көрсөтүүнүн баасы эсептелип жатат.



