Кара-Кулжа районунун Шаркыратма айылында 16 млн 758 миң 316 сомго курулган жаңы спорт комплекс пайдаланууга берилди.
Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Спорттук объект Ж. Айтбаев атындагы мектептин алдында жайгашып, окуучуларга жана айыл жаштарына спорт менен машыгууга шарт түзөт.



