Кыргызстан менен Индия маданият, искусство жана жаштар саясаты багыттарындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады.
Маданият министринин орун басары Айбек Дайырбеков 11-ноябрда Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушту.
Тараптар маданий алмашууларды кеңейтүү, кинофестивалдарга өз ара катышуу, жаштар байланыштарын чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин карашты.



