7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте курулуштун сейсмикалык коопсуздугу талкууланды

6

Бишкекте “Борбордук Азия – Кытай” курулуш министрлеринин экинчи конференциясынын алкагында курулуштун коопсуздугу жана сейсмикалык туруктуулугу боюнча эл аралык форум өттү.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага Кыргызстан, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышып, сейсмотуруктуу курулуш, заманбап архитектура, энергияны үнөмдөөчү технологиялар жана тармакты санариптештирүү маселелерин талкуулашты.

Форумдун алкагында Казакстандын “КазНИИСА” акционердик коому менен Кыргызстандын Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун кызматташтык меморандумунун мөөнөтү узартылды.

 

7