Садыр Жапаров 13-ноябрда Ысык-Көл облусундагы Түп, Ак-Суу райондорунун жана Каракол шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты.
Акыркы беш жылда Түптө 55 ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлгөн. 128 социалдык объект курулуп, 193,5 чакырым жол асфальтталган. Ак-Сууда өнөр жай жана инвестиция өсүп, туристтердин саны сегиз эседен ашык көбөйгөн. Бул аймакта “Ала-Тоо Резорт” туристтик комплекси ишке ашырылууда.
Караколдо өнөр жай тармагын өнүктүрүүнүн алкагында шаарда жаңы өндүрүш объектилерин түзүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. 33 объекттин жалпы наркы 349,6 млн сомду түзөт. Бул долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында 1 155 жумуш орду түзүлгөн. Ошондой эле 61,8 чакырым жол курулуп, аэропорт жаңыланып, 60 автобус алынган.



