7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Ата районунда “Асыл тери” заводу үчүн саркынды суу тазалоочу жай курулууда

7

Ысык-Ата районундагы “Асыл тери” заводу үчүн саркынды сууларды тазалоочу курулма курулууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, курулма Нурмамбет айыл аймагындагы Чүй агроөнөржай аймагында жайгашкан.

Курулма өндүрүштүк жана тиричилик саркынды сууларын курамындагы күкүрт жана хромдон бир нече баскыч менен тазалоого мүмкүндүк берет. Долбоор саркынды сууларды тазалоонун сапатын жакшыртып, айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды азайтууга багытталган.

Объектти 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

 

8