Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жарандарды жеке кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн укту.
Жолугушууда жарандар курулуш жана кайра иштетүү тармагындагы инвестициялык долбоорлорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү, медицина, маданият, такси жана жеткирүү кызматтарын жакшыртуу, жер мыйзамдары, турак жай жана материалдык жардам маселелерин көтөрүштү.
Адылбек Касымалиев бардык кайрылуулар көзөмөлгө алынарын билдирип, тиешелүү жетекчилерге маселелерди чечүү боюнча тапшырмаларды берди.



