Бишкектеги бардык мектептерге жана бала бакчаларга 360 градустук видеокөзөмөл камералары орнотулду.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Рахат Мусаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Видеокөзөмөл аркылуу билим берүү мекемелеринин айланасындагы кырдаал көзөмөлдөнүп, окуучулар арасында чыр-чатак же башка кооптуу жагдайлар жаралса, ыкчам чара көрүлөт. Мындай учурларда атайын топ жөнөтүлүп, профилактикалык иштер жүргүзүлөт.



