Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн атайын тилкелерге мыйзамсыз чыккан айдоочуларга рейд жүргүзүлүп, 94 административдик протокол түзүлдү.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, рейд 10–12-ноябрь күндөрү Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан уюштурулган.
Жол эрежесин бузган айдоочуларга укук бузуулар жөнүндө кодекстин 188-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык чара көрүлдү.



